КАНСЫРА
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Кандын көп агышынан алсыроо, алы кетүү. Кансырап араң жаткан бирин таптык (Үмөталиев). Аягы сынып алсырап, Башы айрылып кансырап («Манас»). 2. өт. Кан төгүүнү, бирөөнү өлтүрүүнү каалоо, эңсөө. Кансыраган иттердин Канына сөөгү жуулду (Осмонкул). Оолуккан, кансыраган карышкырлар Уялбай бута ордуна адамды атты (Маликов).